2021-жылдын 20-ноябрь айында Дипломдон кийинки жана узгултүксүз медициналык билим берүү борборунда “Активдүү окутуу ыкмалары. Тестология” боюнча семинар уюштурулду.

2021-11-23 11:14:17 102

2021-жылдын 20-ноябрь айында Дипломдон кийинки жана узгултүксүз медициналык билим берүү борборунда “Активдүү окутуу ыкмалары. Тестология” боюнча семинар уюштурулду. Анда ДКжҮМБББнун директору Жанбаева А.К, ординатура бөлүмүнүн башчысы Абдурасулов К.К, окуу-усулдук кеңештин мүчөлөрү, клиникалык жетекчилер жана клиникалык насаатчылар катышты. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндөгү ЖОЖдордо билим сапатын жогорулатууга көп көңүл бурулууда. Биздин борборубузда да медициналык билим берүүнү өнүктүрүүнүн негизги багыты болуп инновациалык технологияларды, активдүү окутуунун ыкмаларын киргизүү эсептелинет. Семинардын жүрүшүндө СBL(саse-based learning) , TBL (team- based learning), PBL (problem- based learning) ыкмаларын колдонуу ординаторлорго белгилүү бир билимди өздөштүрүүнү гана эмес, ошондой эле маалыматтын чон көлөмүн иштеп чыгууга, аналитикалык ой жүгүртүүнү өстүрүүгө, тез туура чечим кабыл алуу көндүмдөрүн жогорулатууга мүмкүнчулүк берери белгиленди. Активдүү окутуу ыкмалары жана тестология тууралуу кеңири маалымат берилип, аудиториялык сабактарды өтүүдө жана тесттик суроолорду түзүүдө, бул ыкмаларды пайданалануу актуалдуулугу каралды. Инновациялык технологияларды жана активдүү окутуунyн СBL, TBL, PBL ыкмаларын колдонуунун артыкчылыгы болуп, сапаттуу медициналык жардам көрсөтө алган жана биздин өлкөнүн ичинде гана эмес, ошондой эле эл аралык эмгек рыногунда атаандаша алган адистерди даярдоо болуп саналат.