24.03.22.“Кыргызстанда баштапкы саламаттык сактоону өнүктүрүү көмөктөштүгү” кыргыз-германия долбоору изилдоонун натыйжасында медициналык тейлоонун сапатын мындан ары жакшыртуу

2022-03-28 13:27:06 103

Саламатсыздарбы, менин атым Бегимай. Мен дипломдон киийнки жана узгултуксуз медициналык борбордо жалпы практикалык дарыгери болуп биринчи жылда иштеп жатамын. Мени жана 4 ординатор кыздарды: Динара, Айткул, Уулкан, Айдананы тренинге катышууну сунуштап, биз бул иш-чарага катыштык.Германия Өкмөтүнүн тапшырмасы боюнча Deutsche Gesellschaft für Internationale Zusammenarbeit (GIZ) GmbH (Германия эл аралык кызматташуу коому) тарабынан ишке ашырылып жаткан “Кыргызстанда баштапкы саламаттык сактоону өнүктүрүү көмөктөштүгү” кыргыз-германия долбоору изилдоонун натыйжасында медициналык тейлоонун сапатын мындан ары жакшыртуу учун жакынкы кундо торогон айымдардан сурамжылоону жургуздук. Бул изиллоодо бизге берилген аялдардын тизмесиндеги телефон номерине чалып, озубузду тааныштырып, сурамжылоонун максатын тушундуруп, сурообузга жооп алып, ой- пикирин да алганга жетиштик. Копчулук айымдар туура кабыл алып, сурамжылоо бизге жагымдуу болду. Аялдар озунун балалуу экенин сезип, суроолорубуз жагып жатканын айтып, сапатты жакшыртып жаткан аракетибизди абдан баалашты, ыраазычылык билдиришти. Айрымдары коркуу сезимдерине байланып анча мынча сурообузга толук жооп бербей баш тарткандары да болуп жатты. Кээ бирки аялдар кенешти бизден сурап, аларга кенеш алуу абдан кызык жана маанилуу экенин айтып жатышты. Биз бул тренингтен инсандар аралык мамилелердин онугуусун, активдуу иш жургузууну, озубуздун жетишпеген жактарыбызды толуктоого мумкунчулук болду, башкача айтканда, тажрыйба ала алады десек жанылышпайбыз. Бизди баардык жактан колдогон Германия кызматташтыгы, аткаруучу giz программасына клиникалык жетекчилерибизге, сурамжылоого катышкан айымдарга терен ыраазычылыгыбызды билдиребиз