Дипломдон кийинки үзгүлтүксүз медициналык билим берүү борборунун Стоматология бөлүмүнүн 1-курска кабыл алынган ординаторлоруна маалымат жыйыны өткөрүлдү

2022-09-18 14:55:15 103

06.09.22ж. Дипломдон кийинки үзгүлтүксүз медициналык билим берүү борборунун Стоматология бөлүмүнүн 1-курска кабыл алынган ординаторлоруна маалымат жыйыны өткөрүлдү. Ага Жалал-Абад шаарынан, шаардык стоматологиялык поликлиникадан насаатчылар, Дипломдон кийинки үзгүлтүксүз медициналык билим берүү борборунун директору Анара Жанбаева, стоматология бөлүмүнүн башчысы Гүлнара Садыбакасова катышты. Жыйында ординаторлорго 2-жылдык окуусунда кандай иш-аракеттерди аткаруу керектиги, күндөлүктөрдүн, тиешелүү документтердин туура толтурулушу, жумуш учурундагы кызматтык милдеттери боюнча маалыматтар берилди. Иш-чарада ординаторлор кеңеши түзүлдү. Бул окуу жылында Стоматология бөлүмүнө 113 ординатор окууга кабыл алынган. Иш-чара ар жылы өткөрүлүп келет. Максат кесипкөй, мыкты тиш дарыгерлерин даярдоо.