05.11.22. «Дени сак адам – бакубат өлкө». аталыштагы форум Ош областар аралык балдар ооруканасында өткөрүлдү.

2022-11-07 14:07:20 107

«Дени сак адам – бакубат өлкө». Мына ушундай аталыштагы форум Ош областар аралык балдар ооруканасында өткөрүлдү. Форумдун алкагында ОшМУнун дипломдон кийинки жана үзгүлтүксүз медициналык билим берүү борборунун педиатрия бөлүмүнүн окутуучулары жана ординаторлору мастер-класстарга катышып, бөбөктөрдү дарылоо жолдорун үйрөнүшү. Наристелердин ден соолугу чың болушу үчүн медиктердин жаңы изилдөөлөрү жана тажрыйба алмашуусу чоң мааниге ээ. Балдарыбыздын дени сак жетилиши үчүн КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин башкы неонатологу, дасыккан дарыгер Абдубалиева Сагын Ташиевнанын демилгеси менен бул форум уюштурулду. Анда Россиянын Санкт-Петербург шаарынан жана Америка Кошмо Штаттарынан келген анестезиолог жана реаниматолог дарыгерлер оз тажрыйбасы менен бөлүштү. Окутуудан өткөн дарыгерлер үйрөнгөнүн өз иш тажрыйбасында колдонуп, ымыркайлардын перинаталдык өлүмүн азайтууга салымдарын кошот