2022-12-15 18:14:02 117
Ош Мамлекеттик Университети Дипломдон кийинки жана Узгүлтүксүз Медициналык Билим Берүү Борбору. 2022-жылдын 15-декабрында Ош шаардык клиникалык ооруканасында ординаторлор арасында клиникалык окуя (клинический случай) боюнча конкурс болуп өттү. ДКжҮМБББнун директору м.и.к.,доцент Жанбаева А.К. жана №1-хирургия бөлүмүнүн башчысы м.и.д.,профессор Туйбаев З.А. сөз сүйлөдү. Калыстар тобунун мүчөлөрү. 1. м.и.д.,профессор №1-хирургия бөлүмүнүн башчысы,Ош шаарынын башкы хирургу Туйбаев З.А. 2. Стоматология бөлүмүнүн жетекчиси Эргешова Г.С. 3. Педиатрия бөлүмүнүн башчысы м.и.к.,доцент, Маткасымова А.Т. 4. Терапия бөлүмүнүн башчысы Иметова Ж.Б. Катышкан ординаторлор. 1. Бактыбек уулу Керим урология 2-жыл ординатору. Темасы: Мочекаменная болезнь. Клиникалык наасатчысы Мойдунов Д.Ж. 2. Кушбакова Сайкал гинеколог 3-жыл ординатору. Темасы: Клинический случай по оперативной гинекологии. Клиникалык насаатчысы Ташмаматова Д.М. 3. Абсамат уулу Канимет хирургия 3-жыл ординатору. Темасы: Огромная киста правого яичника. 4. Исра Хан онкология 1-жыл ординатору. Темасы: Бесплодие. Клиникалык насаатчысы Каримова Н.А. Ар бир ординатор 10-15 минута баяндама кылышты. Негизинен конкурс жакшы маанайда, жогорку деңгеелде өтүп, колдоп келген ординаторлор көптөгөн пайдалуу маалыматтарды алышты. Белгилей кетсек ар бир ординатордун клиникалык наасатчылары даярдап келип колдоп олтурушту. ДКжҮМБББунун директору Жанбаева А.К. ординаторлор менен кенен баарлашып аларда болгон көйгөйлөр жөнүндө маселелерди чечишти.