ОшМУнун ДКжУМБББнун стоматология адистиктер бөлүмүндө «Мыкты клиникалык кырдаал» аттуу конкурс өткөрүлдү.

2022-12-19 21:59:02 115

Ординаторлор келечекте мыкты профессионал болуусуна ,өздөүнүн жекече өзгөчөлүгүн ан сезимдүүлүк менен чече билүүнү шарт түзүү үчүн жана кесиптик компетенттүүлүктү калыптандыруу максатта ОшМУнун ДКжУМБББнун стоматология адистиктер бөлүмүндө «Мыкты клиникалык кырдаал» аттуу конкурс өткөрүлдү. Конкурска 11 клиникалык ординаторлор катышышты. Катышкан ар бир ординатор өздөрүнүн өзгөчө клиникалык кырдаалдары менен так даана айтып беришти. Ар бир клиникалык кырдаал суроо жооптор менен коштолду. Конкурс ДКжУМБББнун директору м.и.к Жанбаева А.К жана клиникалык жетекчи ,насаатчылардын катышуусунда жогорку денгээлде өттү. Конкурска катышкан ординаторлор келечекте профессионалдык ишмердүүлүктөрдү көрсөткөн мыкты тиш дабагерлердин катарын толуктайт деген ишеним көрсөтүп, ыраазычылык билдирдик.