2023-04-08 15:08:24 97
ОшМУ ДКжҮМБББнун, Ош областтык бириккен клиникалык ооруканасынын "Нефрология" бөлүмүнүн терапия адистиктерге билим берүү программалар бөлүмүнүн клиникалык насаатчысы Кудайбердиева Эльмира Мусажановна жана 3-курстун ординатору Авазбек кызы Шарапат мини- клиникалык баалоо - сынак учурунда. Ординатор Авазбек кызы Ш. нефрология бөлүмүндө дарыланып жаткан И. Н. аттуу бейтаптын даттануууларын, оорусунун таржымалын кенен айтып берип, жалпы абалын текшерип, лабораториялык жана аспаптык текшерүүлөрүнүн жыйынтыктарын чечмелеп, алдын-ала болжолдуу дарт атын аныктап, дарылоо планын түзүп, кошумча керектүү текшерүүлөрдү сунуштоолорун айтып берүүдө.