Ноокат аймагына караштуу Зулпуев айыл өкмөтүндө жайгашкан ОшМУнун мектеп-гимназиясында медициналык кароо өткөрүлдү

2023-10-20 14:05:57 72

2023-жылдын 18-19-октябрында Ноокат аймагына караштуу Зулпуев айыл өкмөтүндө жайгашкан ОшМУнун мектеп-гимназиясында билим алган окуучуларды жана 21-24 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобундагы калкты медициналык кароо өткөрүлдү. Иш-чара ОшМУнун ДКжҮМБББнун терапиялык, хирургиялык жана педиатриялык адистиктеринин ординаторлору тарабынан жүргүзүлдү. Бул учурда ординаторлор өздөрүнүн практикалык жөндөмдөрүн жана теориялык билимин жогорку деңгээлде көрсөтө алышты.