1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнү

2023-12-05 06:26:41 79

1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүнө карата ДКжУМББ нун хирургиялык адистиктер болумунун клиникалык жетекчилери: Ашим к Ч. Назармаматов А. Апсамат у К. жана ординаторлору ОшМУнун педагокика факультетинин студенттерине түшүндүрүү лекциясы өткөрүлдү. Бул иш чарага окуу жайдын студенттери жана мугалимдер жамааты катышты. Лекциянын максаты болуп ВИЧ/СПИДге каршы күрөштө жаштарга ВИЧ-инфекциясын алдын алуу, сактануу жана маалымдоо аянтчасын берүү аркылуу күч-аракеттерди бириктирүү; бейформал талкуу аркылуу жаштардын ВИЧ инфекциясы жана анын алдын алуу боюнча маалымдуулугун жогорулатуу болду. Иш-чара Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө арналып, “СПИДге каршы бирге” деген темада өткөрүлдү.