"Баштапкы медициналык-санитардык жардамдын натыйжалуулугун жогорулатууда медициналык кызматкерлердин коммуникациялык көндүмдөрүнүн ролу"темадагы тегерек стол

2024-04-23 05:49:41 45

Кенеш берүү жана инсандар аралык коммуникация көндүмдөрүн окутуунун,медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапаты, бейтаптардын канааттануусу жана адамдардын муктаждыктарына багытталган комплекстүү медициналык кызматтарды ишке ашырууда тийгизген таасирин изилдөөнүн жыйынтыктарын талкуулоо максатында 2024-жылдын 17-апрелинде Бишкек шаарында өткөн "Баштапкы медициналык-санитардык жардамдын натыйжалуулугун жогорулатууда медициналык кызматкерлердин коммуникациялык көндүмдөрүнүн ролу" аттуу тегерек столго ОшМунун ДКжҮМБББнун директору, доцент Жанбаева Анара Кенешовна катышып келип, иш-чарада алган маалыматтар тууралуу кесиптештери менен бөлүштү.