ДКжҮМБББнун клиникалык жетекчилери жана директору Фергана шаарында ординатурасын өтүп жаткан ординаторлордун иш шарттары менен таанышып,кандай иштеп жаткандарын текшерип кайтышты.

2025-04-10 17:56:14 39

Фергана шаары. 03.04.2025 ж. ОшМУнун ДКжУМБББнун директору м.и.к,доцент Жанбаева А.К, Стоматолония программалар бөлүмүнүн башчысы Эргешова Г.С,клиникалык жетекчилер Маматеминова С.Г,Кочконбаева Г.А Фергана шаарында ординатурасын өтүп жаткан ординаторлордун иш шарттары менен таанышып, кандай иштеп жаткандарын текшерип кайтышты. Фергана шаарында “Famyli Dental “клиникасында Жавдатов Жахангир, СИНО МЧЖ клиникасында Сайдахматов Хаетжан, Сайдмахмудов Азизхан ординаторлор келишим- контрактын негизинде ординатура өтүп жатышат. Ординаторлордун иштөө шарттары ,иш кагаздары менен таанышылды. Клиникалык жетекчилери менен сүйлөшүлөр жүргүзулүп, ординаторлор жакшы иштеп, убагында ишке келип, эч тартип бузбай иштеп жаткандыктарын айтып беришти. Клиникалык жетекчилерге ыраазычылык каттарды тапшырып, иштерине ийгилик каалап кайтышты.