2025-04-29 03:34:01 32
17.04.2025 ж. Бишкек шаары, BEST DENTIST Dr.Umarov стоматологиялык клиника. ОшМУнун ДКжУМБББнун Стоматология адистиктер бөлүмүнүн ординаторлоруна “Практиклык көндүмдөрүнүн багыттары” аттуу олимпиада өткөрүлдү. Олимпиаданы өткөрүүнүн максаты: ординаторлордун кесиптик билим деңгээлин баалоо, клиникалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүү, илимий-изилдөө иштерине кызыктыруу, мыкты адистерди аныктоо жана колдоо, ишеним жана лидерлик сапаттарын өнүктүрүү. Олимпиадага 1,2 курстардан 15 ординатор катышышты Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар теориялык тесттерди тапшырып, клиникалык моделдер менен иштөө, диагноз коюу жана дарылоо пландарын түзүү боюнча тапшырмаларды аткарышты. Олимпиаданын жыйынтыгында мыкты көрсөткүчтөрдү көрсөткөн ординаторлор ар түрдүү номинациялар боюнча сыйланышты. Өзгөчө белгилеп кетүүчү жагдай — бул олимпиаданын оюн-зоок программалар менен коштолгону. Катышуучулар үчүн интеллектуалдык оюндар, стоматология темасындагы кызыктуу викториналар, концерттик номерлер жана достук флешмобдор уюштурулду. Бул бөлүк ординаторлордун ортосунда достук мамилелерди бекемдөөгө жана стресстен арылууга өбөлгө болду. Иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, жаш стоматологдор үчүн пайдалуу жана эстен кеткис күн болду. Олимпиада келечектеги адистерди шыктандырып, алардын кесиптик өсүүсүнө чоң салым кошту. Олимпиаданын женуучулору Диплом, Сертификат, баалуу белектер жана "Ревилайн" ,"Халеон" фармкомпанияларынын белетеринин ээлери болушту.