Эмгек менен эс алуунун туура айкалышы узак убакытка чейин ден соолукту жана эмгекке жарамдуулукту сактоого өбөлгө болсун деп ОшМУнун ДКжУМБББ жааматы « Беш мерген» эс алуу борборунда ретро форматта эс алып келишти.

2025-04-29 03:54:03 32

27.05.2025 ж.Эмгек менен эс алуунун туура айкалышы узак убакытка чейин ден соолукту жана эмгекке жарамдуулукту сактоого өбөлгө болсун деп ОшМУнун ДКжУМБББ жааматы « Беш мерген» эс алуу борборунда ретро форматта эс алып келишти. Боз уйда отуруп, 80-жылдардын ырчыларынын ырлары, сүрөттөрү жана оюн-зооктор менен жанданып, ошол доордун атмосферасын жаратты. Этно тибинде откорулгон иш-чара катышуучулар үчүн өзгөчө бир тажрыйба болду . Мындай тарыхый жана маданий артилериянын арасында өткөрүлгөн конкурс жамаатта жакшы маанай жана биримдик түзүүгө жардам берди. Жарым-жартылай спорт, жарым-жартылай көңүл ачуу жааматты бириктирип, активдүү болушуна жана кызыктуу убакыт өткөрүшүнө мүмкүнчүлүк берди. Караоке ырдоо болсо, кооз табияттын арасында маанайды дагы жогору көтөрүп, жашоо ыргагын да ачты.