Кытай – Борбор Азия кызматташтыгы саммитинде ОшМУ кызматташуу багыттарын сунуштады

2025-05-21 03:41:30 13

Ош мамлекеттик билим берүү, академиялык мобилдүүлүк, биргелешкен илимий долбоорлор жаатындагы ийгиликтерди белгилеп, кызматташуу багыттарын сунуштады. ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков жана ДКжУМБББнун терапия адистиктер билим беруу программасынын жетекчиси жана медициналык борборунун директору Иметова Ж.Б. 12-13-майда Кытайдын Синьцзян шаарында “Кытай–Борбор Азия кызматташтыгы: өндүрүш, билим берүү, илимий изилдөөлөр жана колдонмо технологиялар” темасындагы эл аралык саммитке катышты. Саммитте ректор ОшМУ менен Синьцзян-Уйгур автоном районунун окуу жайлары жана мекемелеринин ортосунда жүргүзүлүп жаткан кызматташуулар тууралуу маалымат берди. Жыйынтыгында Синьцзян университетинин Экинчи ооруканасы менен Ош мамлекеттик университетинин Медициналык борборунун кызматташтыгынын алкагында Бешинчи лабораторияны куруу боюнча келишимдер боюнча сүйлөшүүлөр болуп өттү. Ошондой эле врачтар менен тажрыйба алмашууну жана ординаторлордун академиялык мобилдүүлүгүн күчөтүү боюнча макулдашуулар болду.