2025-05-21 03:46:37 16
ОшМУнун "Ден соолук кербени" 2025-жылдын 17-18- май күндөрү Алай районуна караштуу Согонду жана Сопу-Коргон айылдарынын жергиликтүү тургундарын профилактикалык медициналык кароодон өткөздү. Элдин ден соолугуна кам көрүү жана калк арасында оорууларды аныктоо максатында ОшМУнун алдындагы Медициналык борбордун дарыгерлери, ДКжУМББнун клиникалык жетекчилери Маширапова С.А, Назармаматов А.Н, Эгемберди кызы Ч жана борбордун Терапиялык жана Хирургиялык адистиктер бөлүмүнүн ординаторлору активдүү катышышты.