20.05.25 ж. Ар жыл сайын салтка айланып калган жумуш орундар жарманкеси ОшМУнун ДКжУМБББ нун бутуруучу ординаторлору учун чоң жыйындар залында болуп өттү.

2025-06-02 17:09:01 15

Жарманкеге 100дон ашуу ординаторлор офлайн ,алыскы региондогу ординаторлор онлайн катыша алышты Жарманкени ОшМУнун ректору ,проф. Кожобеков К.Г ачып берди. Ректор окуу жай бир гана билим беруу менен гана чектелбестен ,жумуш табууда, ишке орноштурууда ОшМУ ар тараптан жардам берээрин баса белгиледи. ДКжУМБББнун директору, доцент Жанбаева А.К ординаторлорду даярдоодо борбордун жасап жаткан иштери боюнча кенири маалымат жасады. Ал эми Иш берүүчүлөр жаш дарыгерлер үчүн айыл жергесинде жумуш орун көп жашоо учун шарт тузулуп, айлык маяна да жогору баада төлөнөөрүн айтышты. Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн орун басары Арстанкулов Талантбек Курбаналиевич , Ош, Джалал ,Баткен облустарынын саламаттык сактоо координаторлорунун орун басарлары. Райондордун УДБдун,ооруканаларынын директорлору , клиникалалык жетекчилери катышышты. Жарманке иш берүүчүлөр менен кесиптик билим берүү мекемелеринин жолугушуусу үчүн пайдалуу аянтча түзду.Ординаторлор ишке орношуу, жумуш берүүчү менен маектешүүгө даярдануу, кесиптик билим алуу боюнча кеңештерди алышты. Ординаторлор оз суроолоруна кенири жооп алышты