Мектеп окуучулардын арасында оорууларды алдын алуу жана аныктоо максатында ОшМУга караштуу мектептерде 2025-26- окуу жылына пландалган график боюнча медициналык кароо өткөрүлүп жатат.

2025-11-09 19:04:36 17

Профилактикалык медициналык кароо 21-октябрь "Билим" жалпы билим берүү мектебинде, 23-октябрь "Кара- Суу" гимназиясында, 28-октябрь "Ыйман" окуу тарбия комплексинде Ош МУнун Медициналык борборунун дарыгерлери, ДКжУМББнун клиникалык жетекчилери жана Терапиялык, Педиатриялык жана Стоматологиялык, Хирургиялык адистиктердин ординаторлору тарабынан жүргүзүлдү. Кароо учурунда ден соолукту чыңдоодогу сунуштар, керектуу кенештер айтылды. Дени сак муун- өлкөнүн келечеги.