2025-12-18 17:54:24 48
Иш-чарага ОшМУнун Медициналык Борборунун "Ден соолук кербени" мобилдүү клиникасы 11 адистиктеги дарыгерлер жана ДКжҮМБББнун "Терапия" адистигинин клиникалык жетекчиси Маширапова С.А, "Хирургия" адистигинин клиникалык жетекчиси Назармаматов А.Н, "Неврология" адистигинин ординатору Турсункулов А жана "Педиатрия" адистигинин интернасы Жээнбеков А. активдүү катышты. Кароо учурунда көбүнчө кан басымы жогору, гипертониялык криз, өт баштыкчасындагы таштар ооруусу менен бейтаптар катталды. Ар бир кайрылган жаранга дартына жараша түшүндүрмөлөр, керектүү кеп- кеңештер айтылды. Ошондой эле жаш балдар арасында тубаса жүрөк кемтиги аныкталып, толук текшерүүгө ООАБО жолдомо менен жөнөтүлдү.