25–27-ноябрь 2025-жылдары Алма-Ата жана Тараз шаарларында ОшМУнун ДКжУМБББ жетекчилери ординатурада окуп жаткан ординаторлордун билим алуу процессине мониторинг жүргүзүштү.

2025-12-18 18:02:09 43

Иш сапардын жүрүшүндө клиникалык базалардын материалдык-техникалык мүмкүнчүлүктөрү, ординаторлордун кесиптик даярдыгы, практикалык көндүмдөрү жана клиникалык ой жүгүртүүсү бааланды. Ошондой эле ар бир ординатордун клиникалык насаатчылары менен жолугушуулар өткөрүлүп, окутуунун сапаты боюнча пикир алмашуулар болду. Жетекчилер келечекте учур талабына жооп берген, жогорку деңгээлдеги тиш дарыгерлерди даярдоо боюнча иштер активдүү улантылып жатканын белгилешти.