15.12.2025-ж. ОшМУнун ДКжҮМБББнун жана Андижан МУнун окутуучулар, ординатор жана интерналардын катышуусунда "Уникалдуу клиникалык кырдаалдар" аттуу илимий конференция өткөрүлдү.

2025-12-18 18:09:28 35

Иш-чарага "Терапиялык, хирургиялык жана педиатриялык адистиктерге билим берүү программалар" бөлүмдөрүнүн ординатор, интерналары көзөмөлдө турган чыныгы бейтаптардын дарттары тууралуу докладдарын тартуулашты. Ординаторлор клиникалык практика өтүү учурунда неврология, терапия, кардиология, гастроэнтерология, ангиохирургия жана балдар гематологиясы тармактарында сейрек кездешүүчү оорууларды камтыган кызыктуу клиникалык кырдаалдарды чагылдырган баяндамаларды тартуулашты. Калыстар тобу көз карандысыз эксперттер- М.Алиев атындагы "Ош-Кардио" медициналык борборунун дарылоо иштери боюнча башкы дарыгердин орун басары Максутов Ж.Р, ООАБКО нын "Неврология" бөлүмүнүн башчысы Төрөгелдиева А.Т, ОшМУнун МБнун "Жүрөк кан-тамыр хирургиясы" бөлүмүнүн башчысы Абдимиталип уулу Ж сынактын катышуучуларына сууроолорун узатышып, эң кызыктуу баяндаманы тандап, баалап беришти. 1-орунду "Кардиология" адистигинин 2-курсунун ординатору -Сакибаева А.К, 2-орунду "Эндоваскулярдык хирургия" адистигинин 1-курсунун ординатору Режевалиев М, 3-орунду "Балдар гематологиясы" адистигинин 1-курс ординатору Исакова А ээледи. Активдүү катышкан баяндамачыларга сертификаттар тапшырылды.