2026-03-24 02:52:56 27
ОшМУнун ДКжУМБББ тарабынан Бишкек шаарында клиникалык базаларда окуу өтүп жаткан 2-курстун ординаторлорунун окуу жана клиникалык ишмердүүлүгүнө Эргешова Г.С. – стоматология адистиктеринин бөлүм башчысы, Умаров А.М. – клиникалык жетекчи, Джанузакова А.Ч. – клиникалык насаатчы мониторинг жургузушту. Мониторингдин жүрүшүндө төмөнкү иштер аткарылды, ординаторлордун клиникалык практикага катышуу денгээли текшерилди, медициналык документтердин жүргүзүлүшү каралды; ,клиникалык жетекчилер менен иш алып баруу тартиби талданды ,ординаторлордун теориялык жана практикалык даярдыгы бааланды. Жыйынтыгында: Клиникалык базаларда ординаторлордун окуу процесси белгиленген талаптарга ылайык жүргүзүлүп жаткандыгы аныкталды. Ординаторлор практикалык иштерге активдүү катышып, клиникалык көндүмдөрдү жакшы өздөштүрүүдө. ошондой эле клиникалык базалардын иш берүүчүлөрү менен ординаторлордун даярдык деңгээли, дисциплинасы, практикалык көндүмдөрү жана келечектеги кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү боюнча маектешүүлөр жүргүзүлдү.