ДКжУМБББ тарабынан Бишкек шаарындагы клиникалык базаларда билим алып жаткан СЖПнын балдар стоматологиясы адистигин отуп жаткан 1-курстун ординаторлорунун окуу жана клиникалык ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүлдү.

2026-03-24 02:56:41 14

10.03.2026ж. Бишкек ш. Ош мамлекеттик университетинин ДКжУМБББ тарабынан Бишкек шаарындагы клиникалык базаларда билим алып жаткан СЖПнын балдар стоматологиясы адистигин отуп жаткан 1-курстун ординаторлорунун окуу жана клиникалык ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүлдү. Мониторингге ДКжУМБББнун стоматология адистиктеринин бөлүм башчысы Эргешова Г.С, жана клиникалык насаатчы Джанузакова А.Ч. катышты. Мониторингдин жүрүшүндө ординаторлордун клиникалык практикага катышуусу, практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүү деңгээли, медициналык документтерди жүргүзүү тартиби жана клиникалык жетекчилер менен иш алып баруусу каралды. Ошондой эле клиникалык базалардын иш берүүчүлөрү менен ординаторлордун даярдык деңгээли, дисциплинасы жана практикалык көндүмдөрү тууралуу пикир алмашуу жана маектешүүлөр жүргүзүлдү. Мониторингдин жыйынтыгында ординаторлордун клиникалык даярдыгы канааттандырарлык деңгээлде экендиги жана окуу процесси белгиленген талаптарга ылайык жүргүзүлүп жаткандыгы аныкталды.