Бишкек шаарында Ош мамлекеттик университетинин ДКжУМБББсынын стоматология адистиги боюнча 1–2 курс ординаторлорунун арасында олимпиада өткөрүлдү

2026-04-02 03:21:30 21

2026-жылдын 25-март күнү Бишкек шаарында Ош мамлекеттик университетинин ДКжУМБББсынын стоматология адистиги боюнча 1–2 курс ординаторлорунун арасында “Формула 1: тиштерди цирконий коронкаларына аралоо жана тиштерди реставрациялоо” темасында олимпиада өткөрүлдү. Олимпиаданын максаты – ординаторлордун практикалык көндүмдөрүн жогорулатуу, клиникалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү жана кесиптик чеберчилигин баалоо болду. Жыйынтыктар 2-курс ординаторлор (тиштерди аралоо боюнча сынак): 1-орун — Жусупов Омар 2-орун — Туккужиев Аман 3-орун — Мунарбеков Бекзат 1-курс ординаторлор (тиштерди реставрациялоо боюнча сынак): 1-орун — Абдыкаллахов Азизбек 2-орун — Санжарова Фатима 3-орун — Кылычбек уулу Фатима Катышуучулар жогорку деңгээлдеги теориялык жана практикалык даярдыгын көрсөтүшүп, заманбап стоматологиялык талаптарга жооп берген иштерди аткарышты. Олимпиаданын жеңүүчүлөрүн чын жүрөктөн куттуктайбыз жана мындан аркы ийгиликтерди каалайбыз! Олимпиадага колдоо корсоткон"Орал Пик" компаниясына жана КРТ стоматологиялык клиникасынын директору Кыргызбаев Рустамга өзгөчө ыраазычылык билдиребиз!