ДКжҮМБББ нун ординаторунун аймактагы практикалык ишмердүүлүгү

2026-04-03 04:24:31 2

Абдилазизова Айчүрөк — Балдар анестезиологиясы жана реаниматологиясы адистиги боюнча бюджеттик негизде билим алып жаткан 2-жылдын ординатору. Ал учурда Чоң-Алай ЖДПБ клиникалык базасында практика өтүп жатат. Практиканын алкагында ординатор Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылындагы Эсенкелди уулу Максатбек атындагы орто мектепте профилактикалык көзөмөл жүргүздү. Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулардын жалпы абалы бааланып, негизги физиологиялык көрсөткүчтөр текшерилди. Ошондой эле балдардын ден соолугун чыңдоо, оорулардын алдын алуу жана өз убагында медициналык жардамга кайрылуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.