ОшМУда морфология боюнча 72 сааттык эки апталык билим өркүндөтүү курсу өткөрүлдү

2026-04-22 00:53:36 17

2026-жылдын 30-мартынан 11-апрелине чейин Ош мамлекеттик университетинин Дипломдон кийинки жана үзгүлтүксүз медициналык билим берүү борборунда “Оорунун морфологиялык негиздери: клиникалык практикада жана медициналык билим берүүдө анатомиянын, гистологиянын жана патологиянын интеграциясы” аттуу 2 апталык, 72 сааттык билим өркүндөтүү курсу ийгиликтүү өткөрүлдү. Аталган курс анатомдор, патологдор, гистологдор жана жогорку окуу жайлардын профессордук-окутуучулар курамы үчүн уюштурулуп, ага ОшМУнун медицина жана эл аралык медицина факультеттеринин, медициналык колледждин, ошондой эле Манас шаарындагы ЦАММУнун жана ЖАМУнун профессордук-окутуучулар курамынан 50дон ашык өкүлдөр катышты. Курстун алкагында Россия Федерациясынын Н.Н. Бурденко атындагы Воронеж мамлекеттик медициналык университетинин профессордук-окутуучулар курамы тарабынан мазмундуу лекциялар, патология боюнча практикада сейрек кездешкен учурлардын протоколдору, гистологиялык методдор боюнча лекциялар жана практикага багытталган мастер-класстар өткөрүлдү. Атап айтканда, сабактарды төмөнкү адистер алып барышты: • Шишкина Виктория Викторовна — гистология кафедрасынын башчысы, “Эксперименталдык биология жана медицина” илим-изилдөө институтунун санариптик морфология лабораториясынын башчысы, доцент, медицина илимдеринин кандидаты; • Филин Андрей Анатольевич — патологиялык анатомия кафедрасынын башчысы, “Эксперименталдык биология жана медицина” илим-изилдөө институтунун улук илимий кызматкери, доцент, медицина илимдеринин кандидаты; • Самойленко Татьяна Валерьевна — “Эксперименталдык биология жана медицина” илим-изилдөө институтунун эксперименталдык биологиялык моделдер лабораториясынын башчысы; • Сертаков Игорь Алексеевич — патологиялык анатомия кафедрасынын окутуучусу, лаборатория кызматкери. Курс морфологиялык илимдердин заманбап жетишкендиктерин клиникалык практика жана медициналык билим берүү менен айкалыштыруу, адистердин теориялык билимин тереңдетүү жана практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүү максатын көздөдү. Бул билим өркүндөтүү курсун уюштуруу иши ОшМУнун Эл аралык медицина факультетинин анатомия, гистология жана нормалдуу физиология кафедрасынын доценти, биология илимдеринин кандидаты Ташматова Назгул тарабынан жүргүзүлдү. Өткөрүлгөн курс эл аралык илимий-академиялык кызматташтыкты чыңдоого, тажрыйба алмашууга жана медициналык билим берүүнүн сапатын жогорулатууга олуттуу салым кошту.