2026-11-03 06:18:08 14
ОшМУнун ДКжУМБББ Стоматология адистиктери бөлүмүндө клиникалык жетекчилердин катышуусунда пландагы жалпы жыйын болуп өттү. Жыйындын күн тартибинде төмөнкү негизги маселелер каралды: 1. Иш пландарды бекитүү: Жаңы окуу жылына карата клиникалык жетекчилердин иш пландары каралып, тиешелүү тартипте бекитилди. 2. Ординаторлордун келишимдерин (контракт) текшерүү: Клиникалык ординаторлордун окуу акысы жана келишимдик милдеттенмелеринин аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. 3. Электрондук платформага каттоо: Окуу процессин санариптештирүү алкагында ординаторлорду жана жетекчилерди » (электрондук окутуу платформасы) системасына каттоо жана активдештирүү маселеси каралды. 4. Ар түрдүү маселелер: Окуу-клиникалык базалардагы тартип, ординаторлордун катышуусу жана башка уюштуруу иштери талкууланды. Жыйындын соңунда коюлган маселелер боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынып, клиникалык жетекчилерге тапшырмалар жүктөлдү.