2026-11-12 08:43:36 2
ОшМУнун ДКжУМБББнун 1-курс ординаторлору үчүн практикалык сабак болуп өттү.Стоматология адистиктер болумунун башчысы Эргешова Г.С Ош шаарындагы "Дента Класс" заманбап стоматологиялык клиникасында санариптик стоматология боюнча практикалык окутуу өткөрдү. Окутуунун жүрүшүндө ординаторлор: - санариптик диагностиканын заманбап ыкмалары менен таанышышты; - интраоралдык сканер, 3D моделдөө жана санариптик протоколдор боюнча маалымат алышты; - клиникалык учурларды талдап, практикалык көндүмдөрүн бекемдешти. Мындай практикалык сабактар келечектеги жаш адистердин кесиптик чеберчилигин жогорулатууга жана заманбап стоматологиянын талаптарына жооп берген дарыгерлерди даярдоого багытталган