2026-11-12 09:47:36 2
Ош мамлекеттик университетинин Дипломдон кийинки жана үзгүлтүксүз медициналык билим берүү борборунун клиникалык жетекчиси, медицина илимдеринин кандидаты, профессор Арстанбеков Маматжан Арстанбекович Армения Республикасынын Айбусак университетинин бүтүрүүчүлөрү болуп саналган, учурда ОшМУнун Дипломдон кийинки жана үзгүлтүксүз медициналык билим берүү борборунда билим алып жаткан 1-курстун ординаторлоруна «Ортопедиялык стоматология» предмети боюнча лекция окуду. Сабактын жүрүшүндө ортопедиялык стоматологиянын негизги багыттары, заманбап диагностикалоо жана дарылоо ыкмалары, ошондой эле клиникалык практикада колдонулуучу кесиптик ыкмалар боюнча кеңири маалымат берилди. Белгилей кетсек, Айбусак университетинин бүтүрүүчүлөрү учурда ОшМУнун базасында ординатуралык билим алып, кесиптик даярдыгын улантууда.