2026-11-12 09:55:51 3
Ош мамлекеттик университетинин Дипломдон кийинки жана үзгүлтүксүз медициналык билим берүү борборунун стоматологиялык адистиктер бөлүмүнүн жетекчиси Эргешова Гүлнара Садыбакасовна тарабынан 1-курстун ординаторлоруна «Ортопедиялык стоматология» предмети боюнча лекция өткөрүлдү. Лекциянын жүрүшүндө ортопедиялык стоматологиянын негизги багыттары, заманбап диагностикалоо жана дарылоо ыкмалары каралды. Окуу сабактары ординаторлордун теориялык билимдерин тереңдетүүгө жана практикалык компетенцияларын өнүктүрүүгө багытталган.