2026-11-25 05:20:17 1
ОшМУнун ДКжУМБББнын Терапиялык адистиктери бөлүмүндө үй-бүлөлүк дарыгер адистиги боюнча билим алып жаткан ординаторлор иш убактысынын алкагында бейтаптарды кароодон өткөрүп, алардын жалпы ден соолук абалын баалашууда. Иш жүзүндөгү клиникалык ишмердүүлүктүн жүрүшүндө ординаторлор бейтаптардын даттанууларын угуп, анамнезин чогултуп, объективдүү кароо жүргүзүшөт. Ошондой эле ар кандай оорулардын белгилерин аныктоо, алдын ала диагноз коюу, диагнозду тактоо жана зарыл болгон учурда кошумча лабораториялык-инструменталдык изилдөөлөрдү дайындоо боюнча практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүшүүдө. Мындай практикалык иштер келечектеги үй-бүлөлүк дарыгерлердин клиникалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө, кесиптик тажрыйбасын арттырууга жана бейтаптарга сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү көндүмдөрүн калыптандырууга багытталган.